«Унаага салып кетип, чоң суммадагы акча талап кылган». Бишкекте 22 жаштагы жигит уурдалган

Милициянын кайгуул кызматы адам уурдоого шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

5-майда саат 14:40 чамасында милицияга 2000-жылы туулган жаран жардам сурап жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 4-майда саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган жаранды чала тааныш болгон 8-9 бала Байтик Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү унаага эркине каршы салып кетишип, эртеси күнү 5-май саат 14:00гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен чоң суммадагы акча талап кылышкан.

Чакыруу менен барган Кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1994 жана 1993-жылы туулган жарандарды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти.