«Унааларды жер тилкеге алмаштырам деп…» Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБи тарабынан алдамчылык фактысы боюнча эки арызды каттаган. Жабырлануучулар август айында Subaru Legacy жана Nissan үлгүсүндөгү эки машинаны Военно-Антоновка айылындагы жер тилкесине алмаштырып берүүнү убада кылып, качып кеткен адамга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын суммасы 516 миң сомдон ашкан.

Дагы бир арыз ээсине 2017-жылдын июль айында 343 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Ага курулуш үчүн Военно-Антоновка айылындагы башка бирөөнүн жер тилкеси сатылган. Кийин ал киши бул жердин дыйканчылык жер экенин билген. Бул кылмышка шектүү катары 60 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.