«Унааны башкара албай, бакты сүзгөн». Жети-Өгүздө 42 жаштагы жаран көз жумду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыктан 42 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында Шалба айылында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган адам ошол жерден каза болгон.