«Унааны башкара албай калган». Кой-Ташта 19 жашар кыз жол кырсыгынан каза болду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жол кырсыгы катталып, Лексус 330 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай, көз жумган. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«15-июнь күнү саат 18:00 чамасында Кой-Таш айылында жол кырсыгы катталган. Ыкчам-иликтөө тобу барганда Лексус 330 үлгүсүндөгү унаада 19 жаштагы кыз болгон. Түндүккө карай бараткан унааны башкара албай айдоочу бакты сүзүп алган. Ал ооруканага жеткирилип, оор жаракатынан ооруканада көз жумду. Айдоочудан тышкары унаада 2000-жылы туулган жаран да болгон. Ал да ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.