Буту менен унаа башкарып, бул жоругу менен видео тарткан айдоочу аныкталып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Окуя 19-декабрда болгон. Жарандардын көбү бул айдоочуга карата Милициянын кайгуул кызматынан чара көрүүнү өтүнгөн. Милиция айдоочуну аныктап, бейбаштык кылгандыгы үчүн протокол толтурду.