Унааны буту менен айдаган жаран кармалып, айып пул салынды

Буту менен унаа башкарып, бул жоругу менен видео тарткан айдоочу аныкталып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 19-декабрда болгон. Жарандардын көбү бул айдоочуга карата Милициянын кайгуул кызматынан чара көрүүнү өтүнгөн. Милиция айдоочуну аныктап, бейбаштык кылгандыгы үчүн протокол толтурду.