Бишкекте унаанын айнегин чагып, андан сумка алып кеткен жаран видеого түшүп калган

Бишкекте унаада уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

17-февралда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 9-февралда анын унаасынын каптал терезесин чагып, ичиндеги 50 миң сому менен телефонун алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле милиция шектүүлөрдөн жабыркагандарды издеп жатат. 0(702) 169-999 номурларына кайрылсаңар болот.