Royal
SerepTV Logo

«Унаанын бир капталы жок». Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсык боюнча милициянын маалыматы

«Унаанын бир капталы жок». Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсык боюнча милициянын маалыматы
Буга чейин социалдык тармактарда «Бишкек-Ош унаа жолунда үрөй учурган жол кырсык катталды» деген видео" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/unaanyn-bir-kaptaly-jok-bishkek-osh-jolunda-kattalgan-jol-kyrsyktyn-videosu-tarady/"> тараган.  ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган Мерседес-Бенц Гигант унаасынын айдоочусу Оштон Бишкекти көздөй өз жолу менен келе жаткан. Жолдун 295,7 чакырымында Мерседес-Бенц Атего унаасынын 1961-жылы туулган айдоочусу трактордон өтөм деп каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц Гигант менен сүзүшкөн. Кесепетинен 2 унаанын айдоочулары жана 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.