Социалдык тармакта Байтик Баатыр көчөсүнүн боюндагы унаанын үстүнө чыгып, секирип жаткан жарандын видеосу тараган. Октябрь РИИБ маалымат берип, жарандын изделип жатканын билдирген.
Милицияга кечээ, 7-майда унаанын ээси арыз менен кайрылып, жаранга мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Себеби, ал Audi A6 унаасынын алдыңкы жана каптал айнегин, фараларын сындырып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.













