Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 30-октябрда рулда мас абалда болгон айдоочу тууралуу маалымат түшкөн.
Кайгуул кызматкерлери аны кармоо үчүн кууп жөнөшкөн. Куугунтук учурунда айдоочу унаасын токтотуп, качып кутулуу үчүн Бишкек-Чүй каналына секирген. Кайгуул милициясы анын артынан сууга кирип, мыйзам бузган жаранды кармаган.
Айдоочу андан аркы териштирүү үчүн нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген.
Маалыматка караганда, медициналык кароонун жыйынтыгында айдоочунун чындап эле мас абалда болгону аныкталган.












