Унаасына жаркыраткыч тагып алган айдоочуга айып салынды

Мыйзамсыз жаркыраткыч тагып, автоээнбаштык жасаган “Labo” унаасына 20 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда “Labo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасына мыйзамсыз жаркылдоочу каражаттарды тагып, түн ичинде автоээнбаштык менен айдап жүргөндүгү боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, автоунааны таап, мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу үчүн жана автоээнбаштык жасагандыгы үчүн жалпысынан 20 миң 500 сом өлчөмүндө айып салышып, унаасын убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти.