«Уруш чыккан». Сокулукта 41 жаштагы аялдын өлүмүнө жолдошу шектелип жатат

Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип, анын жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 13-декабрь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесинен ар түрдүү жаракат алып, аял киши жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин кызматкерлери барышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы аялдын аты-жөнү аныкталып, ал 1980-жылы туулган жаран экендиги такталып, анын эсине келбей каза болгонду маалым болгон.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча катталган. Жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетишип, жыйынтыгында жубайы алган жараттан улам каза болгон. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.