«Уруш үй талаштан чыккан». Жалал-Абадда күйөөсү аялына ок чыгарды

Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылында күйөөсү аялын атып, качып жүрөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты. Милициянын маалыматы боюнча, окуя мындан 2 күн мурда болгон. «Аял тирүү. Мыйзамдуу сакталып турган сайсыз куралы менен кол тарабынан атып жиберген, жараты өтө оорчундуу эмес дешти, колуна майда чачмалар тийген. Күйөөсү азыр тергөөгө камсыздала элек, алдын ала алынган маалыматтар боюнча жайлоого качып кеткен, бирок аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Экөөнүн ортосундагы чыр үй талаштан чыккан. Бул факты Чаткал РИИБге бейбаштык фактысы менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — дешти милициядан.