«Уруша кетип бычак сайган». Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБисинен маалымдашты.

Кечээ, 27-июнда үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу дарекке барып, ал жерден 1984-жылы туулган жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар жансыз денесин табышкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.