Уулу сотко келди. Калмаматовдун бөгөт чарасын кароо кийинкиге калтырылды

Кечээ, 12-январда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралмак, бирок ал процесс кийинкиге калтырылды. Так күнү азырынча белгисиз. Соттук отурумга саясатчынын уулу Селим да келген.

Процесстин жылдырылып кетишине судьялардын бири Шарабидин Токтосуновдун сотко катышуудан баш тартканы себеп болгон. Ал мындай кадамга барууга негиз катары экс-депутат менен жакшы мамиледе экендигин жана ишти бейтарап кара албастыгын айтты.

Соттук процесс башталганга чейин Бактыбек Калмаматов ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди. «Абалым жакшы. Кылмыш ишине келсек, бул баштан аягына чейин мыйзамсыздык, мамлекетте террордук саясат жүрүп жатат. Адамдын сөз эркиндигине болгон укугу бузулууда. Мен бул жерде менин оозумду жаап, оппозицияны сындыргысы келишкени үчүн отурам», — деди ал.

22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматов «Манас» аэропортунда Сауд Арабияга бара жаткан каттамдан калтырылып, УКМКга жеткирилген. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.