Уулун алдына отургузуп алып, унаа башкарган келинге айып салынды (видео)

Кечээ, 12-августта социалдык тармактарда уулун алдына отургузуп, унаа айдап бара жаткан келиндин видеосу тараган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан айдоочу айымга 19 миң сом айып салынганын билдирди.

«Маалымат чыгар замат ыкчам издеп табуу иш-чаралары жүргүзүлүп, Ош шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан эреже бузган айдоочу айым табылып, баласын астына отургузуп айдагандыгы, айдоочулук күбөлүгүн албагандыгы жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн жалпысынан 19 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду», — дешти.