Бишкекте уулун куткарууну көздөгөн ата келининин өлүмүн өз мойнуна алган

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда саат 19:00 чамасында милицияга Көлбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган. Бирок тургун үй-бүлөлүк чыр болгонун, тараптар жарашып алганын айткан. Андан кийин үйдөн эркек киши чыгып, келининин өлүмү тууралуу билдирген.

Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана кайгуул кызматкерлери барып, 1986-жылы туулган жаранды кармашкан. Бишкектик тургун уулунун күнөөсүн өзүнө алгысы келген. Милициянын версиясы боюнча, келинди күйөөсү өлтүрүшү мүмкүн. Кармалган адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.