Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова. Адвокат: «Милициянын шалаакылыгы боюнча иш кыскартылды»

Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулду. Бул тууралуу маркум кыздын туугандарына Биринчи Май райондук сотунун имаратында кокустан жолуккан УКМКнын тергөөчүсү Ормон Амангулов оозеки түрдө билдиргенин адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, эч ким бул тууралуу расмий түрдө жабырлануучуга жана аны коргоочуларга билдирген эмес. «Бирок Айзаданын өлүмүнөн кийин 5 ай өтсө да, кандайдыр бир маалыматтын жоктугу, иштин токтотулганынан кабар берет. Милициянын шалаакылыгы боюнча иштин токтотулушу Айзаданын күч колдонуп уурдалгандыгы тууралуу видеону алган милиция мыйзамга ылайык иш кылганынан башкача айтканда, эффективдүү иш алып барганынан, ал эми Айзаданын өлүмүнө аны уурдаган жана ага жардамдашкан 5 адам гана күнөөлүү, милициянын ишке тиешеси жок экенинен кабар берет. Эгерде расмий укук тартиби жана расмий сот адилеттүүлүгү иштебесе, биз көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, коомдук сотко берүүгө мажбурбуз», — деп жазды ал. 

Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк кызды өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. 14-сентябрда дал ошол жарандарга карата сот өкүмү чыккан.