Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова. Жактоочу соттолгондордун ар бири 100 миң сом эмес, 20 миң сомдон берерин айтты

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Сотто уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча соттук отурум өткөн. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

«Бүгүн Жогорку Сот Айзада Канатбекованын ишин карап, беш айыпталуучу биригип 100 миң сом төлөп берсин деген чечимди күчүндө калтырды. Башкача айтканда, ар бири 20 миң сомдон төлөшү керек болот. Эске сала кетейин, биз мыйзамдын маанисине ылайык, ар биринен 100 миң сомдон өндүрүп берүүнү суранганбыз», — деп жазды ал.

Айзада Канатбекованы былтыр 5-апрелде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Адам уурдоого шектелип 5 жаран кармалган жана 14-сентябрда дал ошол жарандарга карата сот өкүмү чыккан. Үч айыпталуучу жети жылга, эки айыпталуучу алты жарым жылга эркинен ажыратылган. Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.