Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК Мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик телефондорду алып келүүнүн жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактыларын аныктады. Маалыматта айтылгандай, бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш. Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан МСКнын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.
Буга байланыштуу 16-октябрда атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында 96-беренеге ылайык, жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги төрт юштуруучусу кармалды. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.
Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы...
Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 5-июль...
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү. Жалпы...
Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой...