Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жана кыздарды зордуктоого шектелген, «Дөө Чыңгыз» менен жакын мамиледе болгон жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, К.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоосу боюнча жабырлануучулар арыз жазышкан. Анын негизинде К.Н. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Ал 2013-жылдан бери Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, “воровской общакты” системалуу түрдө толуктап, «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон», — деп айтылат маалыматта.