Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык иерархиясында алдыңкылардан болуп, маркум Камчы Асанбектин тапшырмасы менен анын ар кандай кылмыштуу көрсөтмөлөрүн, анын ичинде опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
Мындан тышкары, анын мүчөлөрү кылмыштуу коомду уюштуруп, кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коомдук коркунучтуу аракеттерди жасашкан.
«Ал 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен Кыргыз жарандарынан 1 миллион 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да анын кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон.