17-февралда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1 килограмм гашиш менен Баткенден кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1988-жылы туулган шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенип келген. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.