Баңгизат менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ысык-Көл районунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Узун» каймана аттуу жаран өзүнүн шериктери менен баңгизаттарын даярдап, мыйзамсыз сактап, сатуу жолу менен пайда көрүүнү көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 13-декабрда милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалып, ага тиешелүү турак жайын тинтүү учурунда салмагы 1 килограмм 250 граммды түзгөн баңгизат табылган.