Кечээ, 17-апрелде социалдык тармактарда Бишкектеги түнкү клубдун эшигин сындыра тепкен кыздын видеосу тараган. Кийинчерээк милиция маалымат таратып, видео 2024-жылдын август айында тартылганын билдирген.
Октябрь РИИБ кайрадан маалымат берип, кыздын кармалганын билдиришти. Маалыматка караганда, ага бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2002-жылы туулган кыз кармалган. Тергөө уланууда.