Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун көз жумушу. Иш сотко өттү

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

«Бул факты боюнча материалдар Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү, натыйжада байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген) менен иш алып барылууда. Комиссиялык экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, Якуниндин өлүмүнүн себеби көкүрөккө алган жаракаттын кесепетинен жүрөгү рефлектордук токтоп калуудан келип чыккан. Ошол эле балдар үйүнүн 2005-жылы туулган тарбиялануучусуна Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 138-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде билдирүү жеткирилген. Кылмыш ишин тергөө аяктап, сот кароого жөнөтүлдү»,— деп айтылат маалыматта. 

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.