Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун көз жумушу. Иштин беренеси алмаштырылды

Военно-Антоновкаддагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү боюнча ар тараптуу тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн табиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу, окуянын себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык жана башка зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Дене клеткаларынын үлгүсү алынып, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна гистологиялык изилдөөгө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдар ар тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Чүй ОИИБдин тергөө кызматына берилген. Жакынкы убакта балдар үйүнүн тарбиялануучусу боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр болуп, экспертизанын корутундусуна ылайык, Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) которулган. Учурда сотко чейинки өндурүш иштеринин алкагында окуяга күбө болгон өспүрүмдөргө тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.