УКМК тарабынан 29-ноябрда өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКсынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.
Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. УКМК ишкердик субъекттерине мыйзамдарды бузуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эске албастан, көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертет.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча...
УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча...
Салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Аталган материалдарда...
10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...