Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Жалал-Абад маданият техникумунун директору өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады.
23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Билим берүү тармагындагы...
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан эки жыл мурунку кылмыш ачыкка чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Ушул...
Ысык-Көлдө унаа жолдогу оңдоо иштери жүрүп жаткан аңга түшүп кеткен. Видеону блогер Эртай Искаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Маалыматка...
Кечээ, 16-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыз эркек кишиге...