Үй, жер тилке алып берем деп, акча алгандан кийин изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн Кадамжай районунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн 13 арыз түшкөн. Анын үстүнөн алдамчылык (209-берене) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Шектүү жарандарга өзүн таасирдүү адам катары көрсөтүп, түрдүү жардамдарды сунуштап, алардан ири суммадагы акчаларды алдап, изин жашырып жүргөн. Ош шаарынын 58 жаштагы тургунуна «Ош шаарына жакын Фуркат айылынан үй салууга 6 сотых жер тилкесин алып берем» деп алдап, 32 миӊ сом акчасын алып, изин жашырып кеткен. Ушундай жол менен эле дагы бир жаранга Ош шаарына жакын Ишкаван айылынан 6 сотых жер убадалап 40 миӊ сом алып изин жашырган. Ал эми үчүнчү жаранга Ош шаарынын Шеит-Дөбө аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, 1000 доллар жана 80 миӊ сом акча алып качып кеткен. Учурда өткөн жылы айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүн дагы алдап, акчаларын алып, жогорку окуу жайына өткөрүүгө жардам көрсөтөрүн айтып, изин жашырып кеткендиги аныкталып жатат.
Шектүү мурда ушундай эле аракеттери үчүн 2 жолу соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.