Чүй облусунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-августта Чүй РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 2017-жылдан бери 2005-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөн кишиге карата чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2005-жылы туулган кыз көрсөтмө берип, ал өз көрсөтмөсүндө коркконунан бул боюнча эч кимге үн катпай келгенин айткан. 19-августта саат 07:00 чамасында өгөй атасы аны дагы бир жолу зордуктаган, андан кийин кыз үйдөн качып чыгып, таанышына качып барган, ага баарын айтып берген. Кийин аял менен кыз Чүй облусунун ички иштер органдарына барып, арыз жазышкан.
Кылмышка шектелип 1975-жылы туулган жаран кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин ага камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Иштин материалдарынын негизинде милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындашты. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда. Учурда жашы жете элек кыз үйүнө кайтуудан баш тарткандыгына байланыштуу, социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп берилди.












