«Үйдүн кире беришинде ойноп жатышкан». Ысык-Көлдө үч баласынан ажыраган ата-эне окуяны айтып берди

Кечээ, 29-декабрда Ысык-Көлдө үйдөн өрт чыгып, 3 бала көз жумганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден кырсыктын чоо-жайын айтып беришти.

Маалыматка караганда, 29-декабрда саат 16:35 чамасында милицияга Ак-Суу районундагы Каракол айылында үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде күбөлөр көрсөтмө беришкен. Анда өрт 35 жаштагы тургундун гаражынан чыгып, кийин үйгө өтүп кеткени маалым болгон.

Балдардын ата-энесинин айтымында, алар ошол күнү 4 баласы менен үйүндө болушкан, ал эми эки баласы мектепте болчу. Балдар үйдүн кире беришинде ойноп жатышкан. Ал эми алар ашканада телевизор көрүп отурушкан. Эшикте жүргөн 20 жаштагы уулу кыйкырып, өрт чыкканын, үй өрттөнүп жатканын айткан. Үйдүн ичиндеги жубайлар балдары ойноп жаткан жерге жете албай калышкан. Өзүлөрү кошуналарынын жардамы менен ашканадагы терезеден чыгышкан.

Кырсыктын кесепетинен 5 жаштагы бала, 6 жана 4 жаштагы кыздар көз жумган. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  2 жаштагы кыздар жана 5 жаштагы бала каза болгону маалымдалган эле. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.