Кечээ, 29-декабрда Ысык-Көлдө үйдөн өрт чыгып, 3 бала көз жумганы маалым болгон.
Кырсык саат 15:15 чамасында болгон. ӨКМге Ак-Суу районундагы Каракол айылынын Имаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:20да чектөөгө алынып, толук 22:33тө өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен үч бала — 2 жаштагы кыздар жана 5 жаштагы бала каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.