«Үйгө эки киши келип, алып кетти». Журналист Семетей Талас уулун милиция кармап кетти

Журналист Семетей Талас уулун милиция кармап кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жубайы билдирди. «Эки киши үйгө келип, алып кетти»,- деди ал.

Ал өзү дагы Фейсбуктагы баракчасына ИИМден барышканын, Тергөө комитетине бара жатканын жазды. Ал эми ИИМ азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин да, тактап айтканда февраль айында УКМКдан журналисттин экстремисттик материалдарды жайылтуу фактысы боюнча атайын кызматка жеткирилгенин маалымдашкан. Ал сурак берген соң чыгарылган болчу.