«Үйлөнөм деп алдап, качып кеткен». Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз зордукталып, уул төрөгөн

14 жаштагы кыз зордукталып, уул төрөгөн. Зордуктоого шектүү жазадан качып, үйлөнүүнү убадалап, чет өлкөгө качып кеткен. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Кыздын апасынын айтымында, 2019-жылдын октябрь айында Сузак районунун 18 жаштагы тургуну 14 жаштагы кызды зордуктап салган. Кызды коркутуп, эч кимге айтпашы керектигин билдирип, болбосо, баарынын алдына уят кыларын айткан. Ал ошол окуядан кийин бир нече жолу кызды мектептен алып кетип, жыныстык катнашка барып жүргөн.

Кыз болгон окуяны боюна бүткөн соң апасына айтып берүүгө туура келген. Кыздын апасы жигитке чалган учурда жигит «эч нерсени далилдей албайсыңар» деген. Ошондо ал жигиттин апасына чалган. Апасы «милицияга барбагыла, бир амалын табабыз» деген. Бирок апасы кайра чалган эмес. Кайра кыздын апасы чалганда аны тилдеп, жаман сөздөр менен урушуп салган, ошондон кийин гана ал милицияга кайрылган. Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин жигиттин ата-энеси үйлөндүрөбүз деп ишендирип, муну менен аларды уяттан сактап калышарын айткан. 2021-жылдын 11-октябрында эркек бала төрөлгөн. Бул тууралуу төрөт үйү милицияга кабарлап, окуя Сузак РИИБде катталган.

Үйлөнүү тууралуу чечим чыккан соң, кыз жана апасы милицияга берген көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Аны эч ким зордуктабаганын, үйдө эч ким жок кезде, экөө жыныстык катнашка барганын жазып беришкен. 2021-жылдын август айында жигит чет өлкөгө окууга кеткен. Ал жактан жигит кыз менен байланышып, эч кандай үйлөнүү той болборун, ушундай жол менен убакыт создуктуруп жүргөнүн айткан.

Адвокат Элдор Бакиров Сузак райондук соту арыз берүү мөөнөтү сакталбагандыктан баш тартып, ишти маңызы боюнча карабаганын билдирди. Баланын атасы азыр Орусияда жашайт. Адвокаттар арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирип, зордуктоо боюнча ишти кайра козгоого аракет кылып жатышат.