Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Токмок шаарында мектеп окуучусу жанын кыйганын жазышкан. Бул боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти.
16-февралда Токмок ШИИБге Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 2008-жылы туулган өспүрүм жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын мектепте мыкты окуганы, башкаларга үлгү болгону жана мектептик олимпиадаларга катышып жүргөнү аныкталган.
«Чоң атасы каза болгондон кийин жашоого болгон көз карашы өзгөргөн. 16-февраль күнү саат 11:00 чамасында жаран өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө асынып алган. Денени кароо учурунда зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Териштирүү уланууда»,— деп айтылат маалыматта.