Үлпөт тойго үч күн калганда каза болгон келин. Жакындары «акыйкаттык керек» дейт

SUPERTV телеканалына Ырысбек Бейшенбаев аттуу жаран кайрылып, бир тууган эжеси жол кырсыгынан каза болгонун, ошол учурда мас абалында унаа айдап бара жаткан адам эч кандай жаза албаганын айтып, нааразы болду. Аны менен катар өзүн каза болгон келиндин сүйүктүүсү катары тааныштырган Шамил Карабаев аттуу жаран да келип, окуянын күбөсү экенин кошумчалады.

«Биз Орусияда 8 айдан бери сүйлөшүп, анан үйлөнүү чечимине келгенбиз. Бишкекке ата-энебиздин алдына келгенбиз. Ата-энем менен тааныштырдым. Апам кулагына сөйкө салып, анын ата-энеси да мени жактырып, кыскасы экөөбүздү тең үй-бүлөлөрүбүз кабыл алган. 5-июлда бойдокчулук менен коштошуу отурушун кылалы дегенбиз. Ал жерде бир кыз менен тааныштык. Биз башында Токмокто отуралы дегенбиз, бирок ал кыз Бишкекте отурабыз деп болбой койду. Мен да макул болдум. Баарыбыз ичип алганбыз. Мен ал кызга «мас болсоң, унааңды айдабай эле кой» деп жаттым. Эшикке чыкканда болочок жубайыма «такси менен эле кетели» дедим. Тиги кыз колунан тартып, унаага отургузуп алды. Ал УКМКда иштейт экен. Макул деп унаанын арткы орундугуна отурдук. Мен да ичип алгам, көзүмдү ачсам эле ооруканада экенбиз. Жылдыз жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр»,- деди сүйүктүүсү.

«Мен ал учурда үйдө болчумун. Мага телефон чалышты. Жол кырсык болгонун айтышты. 9-июлда үлпөт той болмок. А булар 6-июлда жол кырсыкка кабылып жатышат. Булар чогуу эле отурушат. Анан эле кетели деп жатканда тиги кыз «мен ичким келип жатат» дей баштайт. Анан булар чыгышып, 3:48де жол кырсыкка кабылышты. Аны башында эле «рулга отурба!» дешсе, мен УКМКда иштейм дептир. Ал УКМКнын кызматкери экен. Мыйзам чегинде баарыбыз бирбиз да. Эжем үйдүн аты айтып тургандай жылдызы, нур болчу. Мага акыйкаттык керек»- деди бир тууганы.