«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому мамлекетке чегерилди

Эс алуу борборлордун ээлеринин бирине козголгон кылмыш ишинин алкагында республиканын бюджетине 800 миллион сомдон ашык акча каражат чегерилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бирине карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анда алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады. Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүп берилди. Кечээ, 12-сентябрда соттун өкүмү менен Журат Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айып пул төлөө каралган.

Аталган иштин алкагында ээси келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 миллион сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган. Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилди жана 800 миллион сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди.