«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин кабинетинен 800 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылган (сүрөт)

«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевден ири суммадагы акча каражаттарынын табылгандыгы тууралуу УКМК маалымат берди.

«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизаты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7 миллион 354 миң 475 доллар;
2) 209 миллион 164 миң 100 сом;
3) 100 миң 960 евро
4) 1 миллион 55 миң 900 рубль;
5) 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон. Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине УКМК тоскоолдук кылбай турганы белгиленген. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.