Бүгүн, 22-мартта үрөй учурган жол кырсык катталган. Кырсык боюнча милиция маалымат берди.
«22-март күнү саат 10:30 чамасында 2004-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Васильев трассасында түндүк багытты көздөй бара жатып, Манас жана Учкун-2 айылдарынын кесилишинен рулду башкара албай, жол ортосундагы тоскоолдукту, андан соң электр мамысын сүзгөн.
Унаанын айдоочусу денесинен алган жаракаттары менен медициналык мекемеге жаткырылган. Бул факты Бишкек ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Унаа айып короосуна токтотулду», — деп айтылат маалыматта.