Ысык-Ата РИИБден качып кеткен оор кылмыштарга шектүү кармала элек

Ысык-Ата РИИБден качып кеткен оор кылмыштарга шектүү кармала элек. Издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден билдиришти.

5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Кушубек Сабыров изделүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн.

Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмышка шектүү «ден соолугум жакшы болбой жатат» деп нөөмөт өтөп жаткан нөөмөткер-милиционер милициянын сержантына кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда жүрөгү ооруганын айтып, дары-дармек берүүнү өтүнгөн соң милиционер-нөөмөткер нөөмөт бөлүмүнө барып дары алып келген. Ошол маалда ал милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун байлап жана оозуна чүпүрөк салып, анын жанындагы убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароо учурунда, бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындаагы батыш тарабынан уюлдук телефону табылып алынган.

Аталган окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилип, Чек ара кызматына Кушубек Сабыровго мамлекеттик чек араны өтүү аракетине бөгөт коюу максатында кароол баракчасы коюлган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар киргизилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.