Кечээ, 28-июнда Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка айылында 2011-жылы туулган кыз Нооруз каналына чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашып, кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилгенин билдиришти.
Кечээ, 28-июнда бир күн мурда сууга чөгүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылды. Ал Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсү аркылуу өткөн Ак-Суу дарыясына саат 22:25 чамасында түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тартылган куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан изделген баланын сөөгү табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.