Бүгүн, 25-майда таңкы саат 06:12 чамасында Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1998-жылы туулган эркек бала каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.