Ысык-Көлдө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды (фото)

Бүгүн, 6-август күнү Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп жүрүп дайынсыз болгон спортчу табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
«Саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.