Кечээ, 14-мартта болжол менен саат 10:17 чамасында Ысык-Көл облусунда очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Анын күчү Туура-Суу, Бөкөнбаев, Темир-Канат айылдарында 3,5 баллга, Төрт-Күл, Кажы-Саз, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга, ал эми Коңур-Өлөң, Ак-Сай, Тосор, Тамга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.











