Ысык-Көл облусунда саат 07:04 чамасында очогундагы күчү 3,5 жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 баллга, Темир жана Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.











