Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 миллион 86 миң сомдук жер тилкеси жарандардын биринин жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталган. Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.