Ысык-Көлдө 22 жаштагы Кытай жаранынын жансыз денеси табылды

Бир жумадан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөөгө алынган 22 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 24-июлдан бери 2000-жылы туулган Кытай жараны Ала-Көл жайлоосунун «Сирота» аталышындагы аймагына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 22 жаштагы Кытай жараны Бишкек шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болчу.