Ысык-Көлдө 3 өспүрүм айдап качкан унаа менен жол кырсыгына кабылган. Бирөөсү ооруканада көз жумду

Каракол шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр унаа айдай качышып, жол кырсыгына кабылышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-майда Ысык-Көл ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жарандар үйүнүн алдында турган Фольксваген Пассат унаасын айдап кетишкенин билдирген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 206-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Ак-Суу районунун Жолколот айылында жол кырсыкка кабылганы аныкталган. Унаанын ичиндеги 15 жаштагы, 14 жаштагы жана 13 жаштагы облустук ооруканага жаткырылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө үч өспүрүм унааны айдай качып, панорамага бет алышып, жол кырсыкка кабылышканы белгилүү болгон.

Милиция 13 жаштагы баланын кечээ, 9-майда ооруканада каза болгонун билдирди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.