Ысык-Көлдө 37 жаштагы кишинин жансыз денеси табылган. Шектүү катары достор кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-март күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жолунан 25 метр аралыкта, Өрнөк айылынын күн батыш бөлүгүндө белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан билдирүү түшкөн. Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана жетекчилиги барган. Текшерүү учурунда эстакаданын жанынан 30-35 жаш курактагы эркек кишинин киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан каза болгон адамдын ким экендиги аныкташкан. Ал Тамчы айылындагы курулушта убактылуу иштеген Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектелип, Сары-Камыш айылынын 27, 28, 24 жана 28 жаштагы тургундары кармалды. Алдын ала суракта шектүү катары кармалган жарандар жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алышкан.

Шектүүлөрдүн айтымында, жабырлануучу менен 27 жаштагы жарандын ортосунда жеке пикир келишпес мамиле түзүлгөн. 13-март күнү ал достору менен жабырлануучуну курулуштан чакырып, андан кийин аны унаа менен Өрнөк айылына алып чыгып, ал жерден сабап өлтүрүшкөн. Шектүүлөр райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилген жана сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.